Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондо муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында кайрымдуулук дүкөнү ачылды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Абдураимов айылында «Камкор» кайрымдуулук дүкөнү ачылды. Бул туралуу райондун имамы Тынчтыкбек ажы Шаиков билдирди.

Анын айтымында, дүкөн райондук хатибият, «1 сом» кайрымдуулук фонду жана жаштардын демилгеси менен ачылган. Дүкөн жакыр, майып, жетим-жесирлерге жана муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү максатын көздөйт.

Дүкөндүн ачылышына райондун имамы Тынчтыкбек ажы Шаиков, Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Уларбек Сайипов жана «1 сом» кайрымдуулук фондунун президенти Самаган Тагаев катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 549
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×