Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын казысы 2018-жылды Ыйман, адеп жана үй-бүлө жылы деп жарыялоону сунуштады (фото)

Turmush -  Базар-Коргон райондук администрациясында дин кызматкерлеринин көчмө жыйыны жыйынтыкталып, алардын ишине баа берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу, ошондой эле Ыйман, адеп жана маданият жылында иш-чараларды жандандыруу максатында кезектеги кеңейтилген көчмө жыйын 4-кварталдын жыйынтыгын чыгаруу максатында акимиатта өттү.

Иш-чара эки бөлүктө өткөрүлүп, биринчи бөлүгүнө жергиликтүү бийликтин, аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү жана дин кызматкерлери болуп жалпы 300гө жакын адам катышты.

Жыйындын алкагында КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Жанарбекович сөз сүйлөп, ал облус аймагындагы диний кырдаал жана тыюу салынган уюмдар тууралуу кыскача маалымат берди. Муну менен катар дин комиссиянын өкүлү 2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы токтобостон 2040-жылга карата улуттук стратегиянын долбоорлору каралып жаткандыгын, ошондой эле мектептерде дин таануу сабактары киргизилерин жана толеранттуулук боюнча маалыматтык-профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлө турганын белгиледи.

Көчмө жыйындын алкагында район-шаардын имамдары 2017-жылдын 4-кварталына карата отчетун жана кайрымдуулук иш-чаралар боюнча айтып беришти. Көчмө жыйындын алкагында Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты тарабынан даярдалган Ыйман, адеп жана маданият жылына карата видео-слайд көрсөтүлүп, Базар-Коргон райондук хатибиятында аткарылган иш-чаралар көрсөтүлдү.

Ошондой эле, «Ынтымак мүрөк суусундай, чыр-чатак жылан уусундай», «Диаспоралар аралык ынтымак-ырашкерликти бекемдөө», «Улуттар аралык тынчтыкты сактоо» максатында даярдалган видео-роликтер көрсөтүлүп, дин кызматкерлеринин эмгектери бааланды.

Жыйында Базар-Коргон районунун имамы Тынчтыкбек ажы Шаиков муктаж адамдарга бир жылда 7 млн 261 миң 978 сомдук жардам берилгендигин баса белгиледи. Ал эми Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров Ыйман, адеп жана маданият жылында тазалыкты сактоо, келбетти оңдоо, маданияттуулукту өркүндөтүү, имамдардын квалификациясын жогорулатуу жана мекенибиздин тынчтыгын сактоо тууралуу маселелерге токтолуп, 2018-жыл Ыйман, адеп жана үй-бүлө деп жарыяланса деген пикирин сунуштады.

Жарыш сөзгө чыккан Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин Базар-Коргон районундагы өкүлү Эмил Ысмайылович райондо улуттар жана этностор аралык биримдикти чыңдоо боюнча иш-аракеттер жүрүп жатканын белгиледи.

Аксакалдар кеңешинин төрагасы Акимбек Нуралиев ислам дини эң таза дин экендигин айтып, ысырапкерчиликти жоюу маселесине токтолду.

Кеңешменин соңунда ислам динин өнүктүрүүгө жигердүү салым кошкон казыяттын, хатибияттын ишмердүүлүгүн жандандырууда жана кайрымдуулук иштеринде активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн имамдар Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын ыраазычылык баракчасы менен сыйланды. Ал эми имамдар арасында диний иш-чараларды жана коомдук иштерди ишке ашырууда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн 10 имам Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми райондук хатибият тарабынан тогуз имам ардак грамота менен сыйланса, бир имамга ыраазычылык баракча тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3027
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×