Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондо ушул жылдын 12 айында жол кырсыктан 12 адам каза болду

Turmush -  Базар-Коргон районунда 2017-жылдын 12 айында 86 жол кырсыгы катталып, 12 адам каза болгон жана 135 адам ар кандай жараат алган.

РИИБдин маалыматына караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн өздүк курамы ушул жылдын 12 айында милиция кызматкерлери менен бирдикте 66 рейд өткөрүшкөн.

«Ушул жылдын 12 айында жол кыймылынын эрежесин бузуу боюнча 5945 факт катталган, анын ичинен 196 айдоочу мас абалында кармалып, 6371 жаранга административдик протоколдун негизинде 2509810 cом айып салынган. Ал эми 2016-жылдын 12 айында 90 жол кырсыгы катталып, 13 адам каза болгон жана 154 адам жабыркаган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 776
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×