Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Базар-Коргондун Көк-Алма айылында 16 млн сомго жаңы спорт зал курулуп жатат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Талдуу-Булак айыл аймагынын Көк-Алма айылына жаңы спорт зал курулуп жатат. Бул туралуу айыл аймактын башчысынын орун басары Сансызбай Нурсеитов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин чоң спорт зал болгон эмес.

«2017-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен 16 млн сом каралып, июль айларында жумуш башталган. Бүгүнкү күндө 6 млн сом сарпталып, курулуш иштери жүрүп жатат. Май айында пайдаланууга беребиз. Айыл аймак боюнча мектептер менен бирге 2 спорт зал бар эле», - дейт ал.

Көк-Алма айылында 3 миңге жакын калк жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1246
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×