Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 18.03.2018 20:49 Жаңыланды: 19.03.2018 08:23 На русском

Видео – Базар-Коргондо чабанды, анын атын жана 14 койду «Матиз» сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Сейдикум айылында 200гө чукул кой айдап бара жаткан чабанды «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа сүзүп өлтүрдү. Оор жаракат алган чабан ооруканага жетпей көз жумуп, 14 баш кой жана минип бара жаткан аты окуя болгон жерде өлгөн. Бул маалыматты Turmush басылмасынын кабарчысына Жалал-Абад ОИИБдин ага инспектору Айбек Сатыбалдиев тастыктады.

Окуя кечээ, 17-мартта саат 21:00 чамасында болгон. Көз жумган чабан — 1979-жылы туулган К.Ж. Көк-Алма айылынын тургуну.

«Чын-Курулуш айылынын 1957-жылы туулган тургуну М.С. өзүнүн унаасы менен түндүктөн түштүк тарапты көздөй бара жатканда түштүк багытка 200гө чукул кой айдап бара жаткан атчан чабанды жана койлорду сүзүп кеткен. Окуя болгон жерде тергөө иштери жүрүп жатат», - деди А.Сатыбалдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×