Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.03.2018 09:40

Акыркы суткада өлкө аймагында 24 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 24 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 24 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы сарайдан өрт чыкты. Өрт учурунда 72 чарчы метр чатыры жана 100 түк чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Электр зымдарынын кыска туташуусу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле, белгисиз себептерден улам Түп районунун Кутургу айылында, тактап айтканда Бишкек — Каракол жолунда «ВАЗ» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру №I8095K) унаа толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×