Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 09.07.2018 11:21

Базар-Коргондо эки жеңил унаа кагышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-июлда саат 10:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 540-чакырымында жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, Базар-Коргон районунун аймагында «Дэу Матиз» (мамлекеттик ногмуру D 94 53 С) менен «Жигули» (мамлекеттик номуру 04. 348 ААА) унаалары кагышкан. Кырсыктан оор жаракат алгандар болгон эмес. Учурда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр жол кырсыктын чоо-жайын тактап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×