Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 16.07.2018 16:22

Базар-Коргондо «Тойота» менен «Тико» кагышып, жүргүнчү аял ооруканага түштү (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда эки жеңил унаа кагышып, бир жүргүнчү ооруканага түштү.

Базар-Коргон райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, жол кырсык 15-июлда саат 15:30 чамасында Базар-Коргон—Арстанбап унаа жолунун 24-чакырымында катталган. Тактап айтканда Талдуу-Булак айыл аймагында «Тойота» жана «Тико» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, Арстанбап тараптан районду көздөй келе жаткан «Тойота» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, карама-каршы тилкеде келе жаткан «Тико» унаасын сүзгөн. Анын кесипетинен «Тико» унаасындагы жүргүнчү аял жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми «Тойотанын» жүргүнчүлөрү Арстанбаптан эс алуудан келе жатышкан.

Жыл башынан бери райондо 29 жол кырсыгы катталып, 7 адам каза болсо, 42 адам жаракат алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×