Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 16.07.2018 22:53 Жаңыланды: 17.07.2018 09:06

Базар-Коргондо күйдүргү оорусуна шектелген 13 адамдын көбү ооруканадан чыкты

Turmush -  Базар-Коргон районунда күйдүргү оорусуна шектелип, ооруканага жаткырылган 13 адамдын ичинен 12 адам үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу аймактык оорукананын башчысынын орун басары Илязбек Закиров билдирди.

Анын айтымында, күйдүргү оорусуна шектелип жаткырылган 13 адамдын бирөө облустук ооруканага жаткырылган.

«Бул жарандар келген убакта биздин имарат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан болчу. Ошол убакта орун жетишсиз болуп, бейтаптардын бири облустук ооруканага жеткирилген. Бейтаптар 14-15 күндүн ичинде дарыланып, жара айыккандан кийин анализдин жыйынтыгы менен үйлөрүнө чыгарылды», - деди И.Закиров.

Буга чейин Базар-Коргон районунан күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага жаткырылгандардын саны 13 адамга жеткени жана алгач жаткырылган 9 адамдын жетөөсүндө күйдүргү оорусунун таякчасы аныкталгандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×