Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 25.07.2018 11:56

Базар-Коргондо күйдүргү оорусуна карата коюлган карантиндик көзөмөл алынды

Turmush -  Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында күйдүргү оорусуна карата коюлган карантиндик көзөмөл алынды. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук суу чарба бөлүмүнүн башчысы Зайир Акматов билдирди.

Анын айтымында, карантин жарыяланган соң, Кайырма-Суу суу сактагычындагы сууга түшүүгө тыюу салынган.

«Бул жерде күйдүргү оорусуна шектелген мал союлганы маалымдалган болчу. Анын кесепетинен 13 адам ооруканага жатып, дарыланып чыгышты. Карантиндик көзөмөл алынгандан кийин дыйкандарга суу берилип баштады. Кайырма-Суу суу сактагычында жалпы 22 млн метр куб суу сакталат. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл суу аз болду», - деди З.Акматов.

Буга чейин Базар-Коргон районунда күйдүргү оорусуна шектелип 13 адам ооруканага жаткырылгандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×