Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 26.07.2018 18:07

Базар-Коргондо 10 жылдан бери каралбай калган борбордук стадион оңдолуп жатат (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун борбордук стадиону оңдолуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, борбордук стадионду кайра куруу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан аракеттер жүргүзүлүп жатат. Курулуш иштери 2017-жылда башталган, азыркы тапта 20дан ашуун кызматкер өз иштерин жүргүзүшүүдө.

Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Замира Адышеванын айтымында, бул стадион 1982-1983-жылдары ашар жолу менен курулган. Кезинде түрдүү маданий, спорттук иш-чаралар уюштурулуп турган. Оңдоо маселеси акыркы 10 жылдан бери чечилбей келген.

«Аймактарды өнүктүрүү жылына карата бул стадион оңдолуп жатат, учурда стадиондун курулушунун 25%ы бүткөрүлдү. Стадион заманбап жабдуулар менен камсыздалып, машыккандар үчүн жакшы шарттар жаралып жатат. Көрүүчүлөр үчүн эки тарапка отургучтар да орнотулуп жатат. Курулуш иштерин октябрь айында бүткөрүү пландалууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×