Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 27.07.2018 09:45

Вице-спикер М.Бакиров Базар-Коргон районуна шаар статусун берүүнү демилгеледи (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда 26-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда жергиликтүү тургундар бир катар социалдык маселелерди көтөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анда билим берүү тармагындагы кемчиликтер, жолдордун абалы, таза суу, жер тилке боюнча маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле быйыл Базар-Коргон районунун 100 жылдыгын ушул жылдын күз айларында белгилөө боюнча бир катар аракеттер көрүлүп жаткандыгы айтылды.

Жергиликтүү тургундар райондун 100 жылдыгын белгилөө менен коомчулукка пайдалуу ишкана ачылса деген тилекте турат. Мындай ойду Жогорку Кеңештин депутаттары да колдоого алышты.

Жыйында парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров Базар-Коргон районуна шаар статусун берүү демилгеси көтөрүлгөнүн жана бул маселени ишке ашыруу үчүн керектүү документтер даярдалып жатканын билдирди.

Ошондой эле Могол жана Талды-Булак айыл аймактыранын аталышын өзгөртүү дагы сунушталды. Ал ортодо Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы Эмил Тарыхчиевдин жасаган иштери тууралуу нааразычылыктар айтылып, кат жүзүндө жана ооз эки да арыздангандар арбын болду.

Мындан тышкары жергиликтүүлөр тарабынан жайыттарга кеткен жолдордун абалы, органикалык багыттагы аймакты камсыздоо, товарларды сыртка экспорттоо маселелери да көтөрүлдү.

Жашоочулар жыйындын аягында депутаттардан аталган көйгөйлөрдү чечип берүүнү өтүнүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×