Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 30.07.2018 22:13

Базар-Коргондо мыйзамсыз курулуштарга рейд жүргүзүлдү (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда мыйзамсыз курулуштарга рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экотехинспекциясынын Базар-Коргон районундагы өкүлү Рахман Касымов билдирди.

Анын айтымында, рейддин алкагында Базар-Коргон районундагы Асылбек Текебаев атындагы көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн жанынан жогорку чыңалуудагы электр чубалгыдары орнотулгандыгы жана анын жанына эки кабаттуу үйлөр да курулгандыгы аныкталган. Адистердин айтымында, бул көрүнүш талапка жооп бербейт жана кооптуу абал жаралып калган.

Райондун аймагынд курулушун жолдун жээгине чейин чыгарып алышкан учурлар аныкталган. Аны аныктаган Экотехинспекциянын инспекторлору курулушту токтотуп, мыйзам чегинде иш алып барууну тапшырышты.

«Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинде 70 метрге чейин эч кандай курулуш иштери жүргүзүлбөшү керек. Бирок, ага карабастан мыйзамсыз курулуштар жүргүзүлүп, май куюучу жай салынып калган. Аны да текшерүүгө алдык. Эми мыйзам чегинде аларга чара көрүлөт», - дешти инспекторлор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×