Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 01.08.2018 08:41

Базар-Коргондо 14 млн сомго курулган 50 орундуу бала бакча ишке берилди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагынын Кара-Ой айылында 50 орундуу бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, түрткү берүүчү гранттан 13 млн 500 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом бөлүнүп, курулуш жалпы 14 млн сомго аяктаган.

«Учурда 50 орундуу бала бакчада 14 кызматкер эмгектенип жатат. Райондун аймагында 34 бала бакча болсо, анын ичинен 1 бала бакча менчик, калганы мамлекеттик болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.

Базар-Коргон районунда 65 мектеп бар. Анда 2400гө жакын мугалим эмгектенсе, 30 миңден ашык окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×