Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 01.08.2018 21:27 Жаңыланды: 02.08.2018 09:10

Айыл турмушу: Базар-коргондук дыйкан Европадан алынган картошканын жаңы сортторун өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагынын тургуну Хайтбаев Базарбай көп жылдан бери картошканын үрөнүн өстүрүп, жергиликтүү дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылып келет.

Б.Хайтбаевдин айтымында, акыркы 3 жылдан бери ал картошканын жаңы сортторун өстүрүп жатат.

«Учурда сапаттуу үрөндөргө суроо-талап көбөйүүдө. Акыркы 3 жылдан бери Европа өлкөлөрүнөн алып келген санте, агата, арсенал, ривьера, элита сортундагы картошкалардын үрөнүн өстүрүп жатам. Алар эрте өсүп, түшүмдүүлүгү жогору болгону менен айырмаланат. Мисалы, быйыл 10 тонна элита сортундагы картошканын үрөнүн 3 гектар жерге, 14 гектарга ар кандай сорттогу картошкаларды эгип, кийинки жылга үрөн өстүрүп жатабыз», - деди дыйкан.

Мындан сырткары, анын 400 тона үрөн сактай турган жайлары бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×