Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 08.08.2018 21:15

Базар-Коргон районундагы мектептерге 700 тоннадан ашык көмүр жеткирилди

Turmush -  Базар-Коргон районундагы билим берүү мекемелерине кышка карата көмүр ташуу иштери улантылууда.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык секторунун башчысы Сагындык Кудайбердиевдин айтымында, 8-августка чейин райондогу мектептерге 700 тоннадан ашык көмүр жеткирилип, көмүр менен камсыздоо райондо 34%га аткарылды.

«Райондо 65 орто мектеп жана 34 бала бакча бар. Алардын ичинен 40 мектеп менен 21 бала бакчанын имараты кышкысын көмүр менен жылытылат. Буга 2069,8 тонна көмүр керектелет. Ошондой эле райондун аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелерине 120 тонна көмүр керектелсе, алар толугу менен 100%га камсыздалды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×