Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 13.08.2018 15:40

Быйыл дарбыздын түшүмү жана баасы да жакшы болду, - базар-коргондук дыйкан (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну Оморкул Кудайбердиев быйыл өстүргөн дарбыздарын жакшы баада сатып жатат. Аймактык кабарчы элеттик дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал үй-бүлөсү менен 0,60 сотых жерге дарбыз айдашкан. Эми үзүрүн көрүп жатышат.

«Жылдагыдай Акман айыл аймагынын жол жээгинде тизилип саткан сатуучулар быйыл аз. Анткени былтыркы жылда дарбызга болгон баа төмөн болуп, көпчүлүк дыйкандар экпей коюшкан. Мындан улам быйыл дарбыздын баасы кымбат болууда. Өткөн жылы бир даана дарбыз 45-50 сом болсо, быйыл 200 сомдон, аягы 100 сомдон сатылууда. Буюрса, дыйкандардын мээнети акталып жатат. Быйыл мен 150 миң сомдой киреше таптым», - дейт О.Кудайбердиев.

Ал белгилегендей, алар дарбыздарга дары сеппей, табигый жол менен өстүрүшкөн.

«Дарбыздар табигый жол менен өстүрүлдү. Анын ден соолукка пайдасы зор. Дарбыздын ширеси бөйрөктөгү таштарды ээритип, өттөгү уулуу заттарды, денедеги шлактарды айдап чыгат», - дейт О.Кудайбердиев.

Маалым болгондой, быйыл Акман айыл аймагы боюнча 1250 гектар айдоо аянтына арпа, 600 гектар жерге буудай жана болгону 70 гектарга дарбыз эгилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×