Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 13.08.2018 19:06

Базар-Коргондо 1 жашар бала арыктагы сууга тумчугуп калды

Turmush -  Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 1 жаштагы бала арыктагы сууга тумчугуп калды. Окуя Кеңеш айыл аймагынын Абдраимов айылында 11-август күнү болгон.

Жергиликтүү тургундун айтымында, наристе үйүнүн жанындагы арыкта ойноп жүргөн. Ошол учурда белгисиз себеп менен арыкка кулаган. Жакындары аны суудан алып чыгып, жардам бергени менен эс-учуна келген эмес. Тилекке каршы ооруканадагы дарыгерлер дагы жардам бере алышкан жок.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, наристе чоң атасынын колунда чоңоюп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×