Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 16.08.2018 16:09

Арстанбапта өкүлдүн кубогу үчүн күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагында өкүлдүн кубогу үчүн күрөш боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Арстанбап айыл аймагынын башчысы Улукбек Таштанбеков билдирди.

Анын айтымында, 19-августта өтө турган мелдешке Өзбекстан, Тажикстандын спортчулары катышат.

«Быйыл бул мелдеш 5-жолу өткөрүлүп жатат. Мелдештин соңунда 1-орунга токулган ат, 2-орунга 30 миң сом, 3-орунга 10 миң сом сыйлык берилет», - деди У.Таштанбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×