Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.08.2018 17:33

Базар-Коргондо ооруканадагы бейтап 3-кабаттан боюн таштады

Turmush -  Базар-Коргон районундагы аймактык ооруканага түшкөн бейтап 3-кабаттан боюн таштап каза болду. Бул окуяны аймактык ооруканадан тастыкташты.

Маалым болгондой, 21-августта саат 12:30 чамасында райондун Сейдигум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын 1977-жылы туулган тургуну Э.М. бети-башы жарылган абалда ооруканага түшкөн. Аны жакындары алып келишкен.

Ал бейтапка ошол эле замат медициналык жардамдар көрсөтүлүп, 3-кабатка палатага жаткырылган. Бейтап саат 13:00 чамасында терезеден боюн таштап, каза болгон. Ооруканадан бейтап буга чейин да өз үйүндө өмүрүнө кол салууга аракет жасаганын билдиришти.

Маалым болгондой, Э.М. 2-топтогу майып катары каттоодо болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×