Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 23.08.2018 11:30 Жаңыланды: 24.08.2018 13:32 На русском

Кыргыз балбаны Өзбекстандын 190 килограммдык спортчусун жеңип, токулуу ат утуп алды (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүп, анда 300гө жакын балбан күч сынашты.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, өкүлдүн кубогуна арналган саамалыкка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, эл өкүлү Сайдулла Нышанов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Өкмөттүн өкүлүнүн демилгеси, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өткөн мелдеште өлкөнүн 7 дубанынан жана Өзбекстандан келген балбандар беттешти. Эки өлкөнүн балбандарынын беттеши сүрөөндөр менен коштолуп турду.

Өзгөчө оор салмактагы балбандардын кармашуусу элдин бүйүрүн кызытты. Тактап айтканда коңшу мамлекеттен келген 190 килограмм салмактагы балбан менен таластык 110 кг салмактагы Нурбек Кожобековдун кармашуусу кыйкырык, сүрөндөр менен коштолду. Кыргызстандык балбан атаңдашынан бир топ аз салмакта экенине карабастан жеңип чыкты.

Алыш күрөшкө түшкөн балбандар 3 салмакта күч сынашты. Жыйынтыгында 70 киллограммга чейинки балбандар арасында баш байгени Шаршеналы уулу Маданбек, 80 кг салмакта Айбек Камалов, оор салмак боюнча мелдеште байгени Нурбек Кожобеков багындырышып, токулуу аттарга ээ болушту.

Ал эми 2-орунга жеткендерге 30 миң сом, 3-орунга ээ болгондорго 10 миң сомдон тапшырылды. Андан сырткары, акчалай сыйлыктар да тапшырылды. Мында келгендер мелдеш жогорку деңгээлде өткөнүн, калыстар туура баа бергенин айтышып, уюштуруучулардын аракеттерин алкоого алышты.

Ал эми ыйгарымдуу өкүл мелдеш тынч өткөнүн белгиледи.

«Спорт достукту, биримдикти чыңдоого жакшы шарт түзөт. Дени сак улуттун келечеги бар дейт. Ошондуктан жаштарды спортту сүйүүгө үндөп, улуттар аралык достукту бекемдөө сыяктуу аруу максаттар менен саамалыкты уюштурдук. Резервдик фонддон же жергиликтүү бийликтин бюджетинен каражат жумшалган жок. Демөөрчүлөр өздөрүнүн салымдарын кошту. Белгилеп айтып кетүүчү жагдай, эки мамлекеттин балбандары бири-бирине достук мамиледе болду. Калыстар ачык болду, эл да көз салып турду. Баары ойдогудай өттү», - деди К.Сатыбалдиев.

Алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш былтыркы жылы да өтүп, баш байгеге токулуу аттар коюлган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×