Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 23.08.2018 12:31

Базар-Коргон айылынын депутаттарына тургундар нааразычылык билдирип чыгышты

Turmush -  Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын тургундары 22-августта айыл өкмөттүн имаратынын алдына чогулушуп, айылдык кеңештин депутаттарына нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тургундардын нааразы болуп чыгышына Базар-Коргон айылдык кеңешинин 22-августта боло турган сессиясына айылдык кеӊештин депутаттарынын жарымы келбегендиги себеп болгон.

Жергиликтүү тургун Чынара Оморованын айтымында, айылдык кеңештин депутаттары биргелешип иштей албагандыктан бир топ жумуштар аткарылбай жатат.

«Айылдык кеңештин депутаттарынын сессиясы бир нече жолу өткөрүлгөн жок. Айылдык кеңештин депутаттары бир топ убакыттан бери ынтымакта иштеше алышпайт. Сессияларга бири келсе, бири келбейт. Депутаттарды биз айылга жардам берсин деген максатта шайлаганбыз. Учурда айылдарда көйгөйлөр көп, бирок алардын бары чечилбей жатат. Биз Базар-Коргон айылдык кеӊешинин депутаттарын таратууну талап кылабыз», - дейт Ч.Оморова.

Базар-Коргон айылдык кеӊешинде 31 депутат бар, төрагасы — Тынар Нуркамилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×