Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 29.08.2018 14:01 Жаңыланды: 29.08.2018 15:31 На русском

Базар-коргондук соодагер атаандаштары ур-токмокко алганын айтып, өлкө башчыга кайрылды (фото, видео)

Turmush -  Базар-Коргон районунун борбордук базарында 5 жылдан бери соода-сатык менен алектенип келген Чынара Гуламидинова акыркы төрт айдан бери куугунтукталып, ур-токмокко кабылганын 29-августта АКИпресс – Жалал-Абад маалымат борборундагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ага райондогу борбордук «Жаркынай» базарынын ээси Алькабар Эркинбаеванын жакындары жана жакшы тааныштары анын иштөөсүнө тоскоолдук жаратышып, кээ бир учурда кол көтөрүүгө чейин барышууда. Соода-сатыгы жакшы жолго коюлгандыктан атаандаштары ич күйдүлүккө барып жатышканын белгиледи.

«Мен 5 жылдан бери райондун борбордук базарында соода кылам. Үч жыл жашылча-жемиштерди дүң баада базарга, соода-түйүндөргө таратчумун. Мага каршы болуп жаткан «Жаркынай» базарынын ээсинин туугандары мени көрө албай, дүң баада жашылча сатууга тыюу салышты. Алардын базарына таратпай калдым. Ошентсе деле эженин базарында отурган айрым соодагерлер, анын жакындары мени куугунтуктап жатышат. Атайлап мага каршы митингдерди уюштурушту. Алардын максаты эптеп эле мени базардан кууп чыгыш керек. Анткени менден соода кылгандар көп болгондуктан, көрө албастык кылышууда.

Буга чейин тынч иштейин деп акча берип келдим. Быйылкы жылдын апрель айынан тартып мен базар ортосундагы дүң баада соода кылган жайымдан чыгып, алардан алыс базардан сырт тарапка алып чыктым. Дүң баада сатылат деген жазуулар да алынды. Ал жайда бир тууган сиңдим катардагы соодагерлер менен бирдей баада жашылча-жемиштерди сатууда. Жолго чыгып кеттиң дешип ызы-чуу салышчу. Эми эженин сиңдиси өзү өрт өчүрүүчү кызматтын унаасы өтүүчү жолго товарын жайып алды. Аларга эмнеге мыйзам иштебейт? Аны өздөрү билишсин, бирок бизди жайыбызга коюшун өтүнөт элем. Апрель айында 6 аял мени ур-токмокко алып, ооруканага жатып калдым.

Бул боюнча милицияга кайрылдым. Ошого карабай базарда иштей берсем кийин апама асылышты, апам да ооруканага жатып чыкты. Август айынын башында сиңдиме базарда отургандардын бири кол көтөрдү. Сиңдиме «4 айдан бери эжеңди урдук, апаңа кол тийди, эмне үчүн базардан чыгып кетпейсиңер? Силерге кайсыл мыйзам иштейт эле?» дешип, ызаага батырышкан. Алар «сени «подстава» кылып, жок кылабыз» деп ачык эле айтып жатышат. Кооптонуп калдым. Өзүмдүн токмокко кабылганым, апама асылгандары боюнча милицияга кайрылдым. Апамдын токмоктолушу боюнча жазган арызымды тергөөчүлөр жаап коюшту. Өзүм ур-токмокко кабылганым боюнча кылмыш иши козголгон, сотко өтө элек. Бул эжеден күч органдары, акимчилик коркушат экен. Мыйзам чегинде карап беришин өлкө башчыдан суранам», - деди ал.

Анын белгилөөсүндө, жеке менчикке өткөрүп алган соода түйүнүн ал нааразы болгон тараптар алууга өзгөчө кызыкдар. Ошондой эле ага элге арзан сатасың деген доомат коюп жатышканын да айтууда.

«Мен деле товарды акысыз албайм, эл катары алган товарымдын үстүнө 5-10 сом кошуп сатам», - деди Ч.Гуламидинова.

Ошондой эле ал базар ээсинин уулу Жогорку Кеңеште депутат экенин айтып, эл өкүлүнүн таасири да роль ойноп жатканы мүмкүн экенин кошумчалады.

Ал эми «Жаркынай» базарынын ээси Алькабар Эркинбаева Чынара Гуламидинованын айткандарын төгүнгө чыгарууда. Анын айтымында, ага карата жалган жалаа жабууда жана анын айткандары чындыкка дал келбейт.

«Мен ал базарга барбай койгом, менин ысымымды эмнеге атап жатат билбейм. Чынара деген соодагерди жакшы тааныбайм, бирок атын көп угуп жатам. Ал өзү аялдар менен келише албай, базардагы бир топ аялдар менен урушуп чыгыптыр. Товар тараткандарга кымбат сатып, өзү элге төмөн баада сатканы үчүн пикир келишпестик чыккан. Баары менен айтышып чыгыптыр. Базар тынч болсун деп 1-2 жолу элдештирип койдум, ага деле болгон жок. Анын айткандары калп. Соттошуп жатат, эми кимдин калп айтып жатканы билинет», - деди ал.

Ошондой эле ал уулунун депутат экенин тастыктап, анын бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.

«Балдарым менин ишиме аралашпайт. Ар ким өз иши менен алек. Мен өзүм да базарга бара элекмин. Тууганыбыз көзөмөлдөйт. Элдин турмушун ойлоп, ижара акысын көтөргөн эмеспиз. Күнүнө 50 сомдон төлөшөт, башка базарларда акы 200-300 сомго чейин көтөрүлгөн. Бизди жөнү жок каралоонун да чеги болушу керек», - дейт ал.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, Ч.Гуламидинова 5-апрелде райондук борбордук базардын мөмө-жемиш саткан дүкөнүндө аны ур-токмокко алган аялдар боюнча арыз жазганы ырас.

«Дүкөнүнөн Бактыгүл, Бурул, Өмүркан жана эки аял болуп сүйрөп, сыртка алып чыгып ургандарга чара көрүү боюнча арыз жазган. Соттук-медициналык экспертизанын 2018-жылдын 16-апрелиндеги корутундусу боюнча Ч.Гуламидинова жеңил жаракат алганы аныкталган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин (бейбаштык) 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө мезгилинде айыпкер катары кылмышка шектүү айымдардын жактоочусу Ж.Маматжакыпов өтүнүч менен кайрылып, анда 2018-жылдын 16-апрелиндеги №372 сандуу экспертизанын корутундусуна нааразы экендигин, жеңил жаракат деп туура эмес корутунду берилгенин билдирип, кайрадан комиссиондук экспертиза дайындоону өтүнгөн.

Жактоочунун өтүнүчү канааттандырылып, 2018-жылдын 27-июль күнү комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок корутундусу чыкпагандыктан, кылмыш иши 2018-жылдын 13-августунда КРнын ЖПКнын 221-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пункту менен өндүрүштөн убактылуу токтотулган.

2018-жылдын 23-август күнү комиссиялык соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыккандыктан, өндүрүштөн токтотулган кылмыш иши жандандырылып, 1 айга, тактап айтканда 23-сентябрга чейин тергөө мөөнөтү белгиленген.

Комиссиялык соттук-медициналык экспертизанын №66 сандуу корутундусунда Гуламидинова Чынара жогорудагы эле жаракаттары бар экени, жаракаттары жыгылып, катуу нерсенин тийүүсүнөн мүнөздүү эместиги, №372 сандуу корутундусу экспертизанын эреже жоболоруна ылайыктуу чыгарылгандыгы аныкталган.

Кылмыш иши боюнча далил буюм катарында табылган 2 видео тасмада 3 айым дүкөнгө кирип, Ч.Гуламидиновага асылышкандыгы даана көрүнүп тургандыктан, шектүү катарында суралып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен айыптары угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары жашаган жеринен башка жакка кетпөө чарасы тандалган.

Кылмыш ишти тергеген тергөөчүнүн айтымында, жабырлануучу Чынара Гуламидинова кылмыш иштин материалдары менен таанышып чыгып, протоколго алымча-кошумча өтүнүч жок экендигин билдирген. Кылмыш иш 2018-жылдын 24-август күнү Базар-Коргон райондук прокуратурага жиберилген.

Жалпылап айтканда, жогорудагы факты боюнча алар айткандай кылмыш иши тергөөчүлөр тарабынан жабылган эмес. Базар-Коргон РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, соттук кароого жиберилди.

Ал эми сиңдисинин жазган арызы боюнча да соттук-медициналык экспертиза дайындалып (корутундусу чыга элек), териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», - деп билдирди ОИИБдин басма сөз кызматы.

Ал эми Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкуловдун айтымында, буга чейин эки тарапты акимчиликке чакырып жараштырышкан. Анда эки тарап тең кол алышып, жарашып кетишкен.

«Бизге ар аймактан келип, тынч эле иштеп жатышат. Буга чейин биз беттештирдик, тил табыштырдык, бата кылдык. Биз аларды элдештирүүгө колдон келген аракетибизди жасадык», - дейт Айбек Бегимкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×