Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 05.09.2018 16:25 На русском

Базар-Коргондо өзүн журналист деп тааныштырып, адамдардан акча алып жүргөн аял кармалды

Turmush -  Базар-Коргон районунда өзүн журналист деп тааныштырып, дүкөн, кафе жана мамлекеттик ишканалардан акча алып жүргөн аял кармалды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон РИИБге үстүбүздөгү жылдын 3-августунда Жалал-Абад шаарындагы 7-каналдын жетекчилиги аталган каналдын атын жамынып, акча алып жүргөн аялга чара көрүү арызы менен кайрылган.

«Түшкөн арыздын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүрүп базарларда, кафе-ресторандарда өзүн "7-каналдын кабарчысымын" деп тааныштырып, акча алып жүргөн 1972-жылы туулган А.Ш. кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин ал аял эч кандай кылмыш иш кылган эмес, акыркы 3 айдан бери соодагерлерди алдоо менен акча алып жүргөндүгү маалым болду», - деп билдирди Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз катчысы М.Турдубаев.

Ал эми аталган телеканалдын жетекчилиги жаңылыктар үчүн эч кандай акы-төлөм алынбай турганын кошумчалады.

«Буга чейин бизге райондун тургундары базарда белгисиз аял киши акча алып жүргөндүгүн билдирген болчу. Биз жакшылап такташтырып, андан кийин милицияга кайрылдык. Ал эми жабырлануучулар менен байланышканыбызда 500 сомдон 1000 сомго чейин акча алдатканын билдиришти. Кылмышка шектүү аял биздин телеканалга келип, кечирим сурап кетти. Учурда тосмо арыз жазып берүү жагын ойлонуп жатабыз», - дейт 7-каналдын башкы редактору Рамиз Каимов.

Жалал-Абад шаарындагы 7D телеканалы 2010-жылдан баштап эфирге чыгып келүүдө. Учурда аталган телеканалда 50дөн ашуун кызматкер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×