Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 10.09.2018 09:29

Базар-Коргондогу 6 жараксыз мектептин биринде окуучулар 3 нөөмөт менен окушат (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунда авариялык абалда турган 6 мектеп бар, алардын бириндеги окуучулар 3 нөөмөт менен окушат. Аталган мектептер ӨКМ тарабынан жараксыз, кыйроо абалында деп табылганын райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Арстанбап айыл аймагындагы №29 А.Монокбаев атындагы орто мектептин 3 имараты бар. 1936-жылы курулган 90 орундуу биринчи окуу имараты дубалы ылай, саман менен тургузулган. 90 орундуу экинчи имарат бышык кирпичтен курулса, ал эми 180 орундуу үчүнчү имарат 1997-жылы салынган.

2018-жылдын 20-февралында ӨКМдин алдындагы мониторинг департаментинин башкы адиси Т.Ызабеков, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким А.Бегимкулов, анын орун басары К.Тилекеев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов Жай-Терек айылына барышкан. Алар А.Монокбаев атындагы №29 орто мектебинде коопсуздукту алдын алуу максатында эски биринчи, экинчи окуу имараттарында окуп жаткан окуучуларды тез арада үчүнчү имаратка көчүрүү тууралуу чечим чыгарышкан.

Учурда аталган мектепте окуучулар үч нөөмөт менен билим алууда. Ар бир сабак 40 мүнөттөн өтүлүп, окуучулар эртең мененки сабактарга кечигип келип, кечинде караңгыга калышат. Бүгүнкү күндө мектепте 821 окуучу билим алып, 60 мугалим эмгектенүүдө.

Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун сактоо максатында мектептин 1-2-окуу имараттарын пайдаланууга мүмкүн эмес жана жер титирөөгө да туруштук бербейт деген акты түзүлгөн.

Кеңеш айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында жайгашкан №38 А.Осмонов атындагы орто мектеп да жараксыз абалда деген корутунду чыгарылган. Мектеп 1965-жылы курулган, 6 окуу бөлмөсү бар. Ал эми мектепте 167 окуучу окуйт. Имарат ашар жолу аркылуу ылай, саман пайдаланып курулган. Мектептин дубалдары жарылып, жыгачтары чирип, үстүнө кошумча тирөөчтөр коюлуп, шиферлерди көп жолу жамаганга карабай суу өтөт.

Кара-Жыгач айылында 310 кожолук жашап, калктын саны 1 598 адамды түзөт. Райондун борборунан 32 чакырым алыста жайгашкан.

Ошондой эле Бешик-Жон айыл аймагындагы № 42 К.Сооронбаев атындагы орто мектеп, Базар-Коргон айыл аймагындагы № 23 А.Эралиев атындагы орто мектеп, №26 А.Кудайбердиев атындагы орто мектеп, Сейдикум айыл аймагындагы № 44 А.Жумабаева атындагы орто мектептин имараттары ӨКМ тарабынан жараксыз, кыйроо абалында деп табылган.

Жергиликтүү тургундар быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылында аталган мектептердин жаңы имаратынын курулушуна республикалык бюджеттен каражат бөлүп берүүнү суранышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×