Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.09.2018 13:00

Ак алтын түшүмү: Базар-коргондук дыйкандар пахта теримин башташты (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы дыйкандар пахта жыйноого киришти. Алардын катарын Сейдикум айылынын тургуну Миргүл Козубекова да толуктайт.

Анын айтымында, ал көп жылдардан бери пахтадан түшкөн киреше менен үй-бүлөсүн багып келет.

«Жылдагыга салыштырмалуу быйыл пахтанын түшүмү жакшы, учурда пахтанын 1 килограммын терип берүү 5 сомдон бааланууда, ал эми кийинчерээк пахта азайган мезгилде 10 сомго чейин көтөрүлөт. Бир күндө 80-90 килограммга чейин пахта теребиз», - дейт ал.

Быйыл дыйкандар бир гектар жерден орточо 30-35 центнерден түшүм жыйноону пландап жатышат. Өткөн жылы бир килограмм пахта 42 сомдон 46 сомго чейин сатылса, быйыл 41 сомдон бааланууда.

Базар-Коргон райондук өнүктүрүү департаментинин башчысы Авазбек Палвановдун айтымында, Базар-Коргон районунда быйыл 3272 гектар жер аянтына пахта эгилген. Райондо жалпы 5 пахта завод бар.

«Аймактагы дыйкандардын баары пахтаны ушул заводго өткөрүшөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.22% (753)
«РСК Банк»
27.99% (396)
«Капитал Банк»
6.57% (93)
...
Всего голосов: 1415
×