Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.09.2018 09:42

Фото, видео — Электр жарыгы жок Жаз-Кечүү айылындагы мектепте окуучулардын аздыгынан 4 класс жабылды

Turmush -  Базар-Коргон районунан 120 чакырым алыс аралыкта жайгашып, электр энергиясы жана унаа жолу жок Жаз-Кечүү айылындагы №48 Манап Чыйбылов атындагы орто мектебинде окуучулардын саны жыл сайын азаюуда. Бул маалыматты мектептин директору Абдыкадыр Чыйбылов да ырастады.

Анын айтымында, быйыл окуучулардын саны азайгандыктан 4 классты жоюуга туура келди.

«Биздин айылда окуучулардын саны жыл сайын азайып жатат. Себеби, мектеп окуучулары айылда шарттын жоктугунан электр энергиясы бар, мектеп жакын жайгашкан айылдарга же болбосо колледждерде билим алуу үчүн кетип жатышат. Ошол себептүү класстардагы окуучулардын саны да жетпей, айрым класстар жабылып калууда. Былтыркы жылы мектепте 117 окуучу билим алса, быйыл 89 окуучу калды. Мисалы өткөн жылы 9-10-11-класстын окуучулары билим алса, быйыл андагы класстарда окуучу жок. Ошондой эле балдардын жетишсиздигинен 1-класс ачылган жок. Андан сырткары, 7-класс да жоюлду. Биздин балдар электр жарыгы бар айылдардагы билим уяларына кетип жатышат», - дейт директор.

Өткөн жылы аталган №48 М.Чыйбылов мектебинде 11-классты 10 окуучу аяктап, аттестаттарды алышкан.

М.Чыйбылов мектебинин эски имараты ӨКМ тарабынан жараксыз деп табылган. 2016-жылы республикалык бюджеттен 31 миллион сом бөлүнүп, 100 орунду заманбап типтүү мектеп курулган болчу.

Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылына караштуу Жаз-Кечүү айылында жалпысынан 160 түтүн эл жашайт. Сузак району жактан жайында каттаганга мүмкүнчүлүк болгону менен күз-кыш мезгилинде жолу жабылып калат. Айылга электр энергиясын жеткирүү боюнча маселе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, учурда өкмөт тарабынан каржылоо булактарын табуу маселеси каралууда.

«Жалалабатэлектро» ААКтын адистеринин эсеби боюнча ал жакка 10 кВ аба чубалгысын тартып, электр энергиясын киргизүүгө 62 млн сом, ал эми электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн арттыруу үчүн 35 кВ аба чубалгысын тартып, көмөк чордон орнотсо 214 млн сомго жакын каражат керектелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×