Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.09.2018 15:10 Жаңыланды: 12.09.2018 18:00

Базар-Коргондо дыйкандар күрүчтү жолго жайып, кургатуу түйшүгүнөн арылат (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагында сугат суунун тартыштыгынан күрүчтүн түшүмдүүлүгү аз болгонуна жергиликтүү дыйкандар нааразы болуп жатышат.

Бул аймактын жашоочуларынын басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен күн кечирип келишет. Аймак пахта жана күрүч өстүрүүгө ылайыктуу. Быйыл дагы күрүч эккендер көп болгон.

Сейдикум айыл аймагынын тургуну Кадыржан Базарбаевдин айтымында, ал дагы көп жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. Быйыл 80 сотых жерге күрүч эгип, учурда түшүмүн жыйнап жаткан кези.

Анын айтымында, сугат суунун тартыштыгынан быйыл түшүм жакшы эмес.

«Күрүч сууну сүйгөн өсүмдүк, дайым сууда турушу керек. Тилекке каршы, бул айылда суунун тартыштыгынан улам дыйкандар 1-2 жолу гана сугара алышат. Ал эми күзүндө комбайн менен жыйноого бир сотых жер үчүн 250 сом төлөйбүз. Техника мамлекет тарабынан 6% насыя менен берилип жаткандыктан жыйноо акысын арзандатышса болмок. Дыйкандардын чыгымы акталбай жатат», - дейт дыйкан.

Айыл аймак башчысынын маалыматына караганда, аймакта жалпы 3783 гектар айдоо аянты бар. Анын ичинен 400 гектарына күрүч эгилген. Дыйкандарды түйшөлткөн маселе сугат суунун тартыштыгы болууда. Анын себебин быйылкы жайдын ысык болгону менен байланыштырышат.

«Күрүчтү оруп алган соң аны кургатуу иши дагы көп түйшүктү талап кылат. Дыйкандар жолдун боюна жайып, кыйынчылык тартышат. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн айылга жаңы завод куруу пландалууда. Эгер бул максат ишке ашса, күрүчтү кургатууга шарттар түзүлөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×