Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 14.09.2018 15:45

Базар-Коргондо «Кул болбо» жөө жүрүш акциясы өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 14-сентябрда Базар-Коргон районунун борбордук аянтында «Адам сатууга каршы 100 күн» программасынын алкагында «Кул болбо» аттуу жөө жүрүш акциясы өткөрүлдү.

Райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык секторунун башчысы С.Кудайбердиевдин айтымында, жаштар 3 чакырым жөө басышты.

«Өкмөттүн 2017-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндөгү 2017-жылдын 15-ноябрындагы №743 токтомуна ылайык акимият тарабынан иш-чаралардын планы бекитилди. Бүгүнкү иш-чарага райондун активдүү жаштары катышып, жаштар тарабынан чыгармалар тартууланды. Жаштар бул жүрүштө 3 чакырым аралыкты басып өтүштү. «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын башкы максаты – адам сатууга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу»,- дейт С.Кудайбердиев.

Ал белгилегендей, мындан ары «Адам сатууга каршы 100 күн» программасынын алкагында 2018-жылдын 10-декабрына чейин ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×