Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 19.09.2018 17:40 На русском

Арстанбапта милициянын аймактык бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 19-сентябрда Базар-Коргон районунун жогорку зонасындагы көп улуттуу, калк жыш жайгашкан Арстанбап айылдык милиция бөлүмчөсүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Кытай Эл Республикасынын Ош облусундагы башкы консулу Сун Лицюнь жана Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов катышты.

«Биз үчүн мыкты саамалык болуп жатат, анткени буга чейин биз маданият үйүнүн бурчунда, тар жерде отуруп, калкка кызмат көрсөтчүбүз. Эски имаратыбыздын абалы да өтө кейиштүү болчу. Ал эми бүгүн 4 бөлмөлүү, зарыл болгон бардык жабдуулар менен камсыздалган имараттуу болуп отурабыз», - дейт Арстанбап аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Шухратбек Ашуров.

Арстанбап айылдык милиция бөлүмчөсүндө 15 кызматкер эмгектенет, алар 56 миңден ашуун калкты тейлешет.

Буга чейин Тurmush басылмасы жазгандай министр К.Жунушалиев Жалал-Абад ОИИБдин материалдык базасын чыңдоо максатында Кытай Эл Республикасынын Ош облусундагы башкы консулунун колдоосу менен 8 кызматтык унааны облустун алыскы райондоруна тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×