Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.09.2018 23:45

Базар-Коргондо жыл башынан бери өрт кырсыктан 1 млн сомдой зыян келтирилди

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун аймагында жыл башынан бери 41 өрт кырсыгы катталган. Бул туралуу ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу боюнча бөлүмчөсүнүн башчысы Канатбек Карабеков билдирди.

Анын айтымында, өрт кырсыктарынан улам 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

«Куткаруучулардын ыкчам иш аракеттери менен 5 миллион сомдук материалдык буюмдар сакталып калган. Өрт кырсыгын жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу максатында 137 мекеме-ишканалардын 1,5 миңге чукул кызматкерлерине өрт кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Мындан сырткары калк арасында, мектеп жана окуу жайлардагы 8 миңден ашык окуучулар менен студенттерге окуулар өткөрүлдү.

Кышка даярданууда үйдүн чатырына жана ашканаларга жакын жайгашкан жерлерге чөп жыйбоону эскертебиз. Анткени учурда өрттүн келип чыгышы мештерден жана электр зымдардын туура эмес пайдаланып жаткандыгынан болуп жатат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×