Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 26.09.2018 17:35 Жаңыланды: 26.09.2018 18:06 На русском

Базар-Коргондо кызматкерине ок аткандан кийин кайра жетекчи болгон Э.Тарыхчиев кызматынан кетти

Turmush -  Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы Эмил Тарыхчиев өз каалоосу менен кызматынан кетти. Бул тууралуу маалыматты аталган айыл өкмөттүн кызматкерлери тастыкташты.

Маалым болгондой, Эмил Тарыхчиев 2017-жылдын 22-июлунда Базар-Коргон айыл аймагынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп келип, 2018-жылдын 17-сентябрына чейин айыл өкмөттү жетектеди. Ал кызматынан өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде бошотулду. Ал эми айыл өкмөттүн башчысынын милдетин буга чейин айыл өкмөттө жооптуу катчы болуп эмгектенип келген Гулифа Сагынбаева аткарууда.

Маалым болгондой, Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2017-жылдын 8-февралында айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен Ч.С. шайланган болчу. Көп өтпөй, айыл өкмөт башчысына карата кылмыш иши козголуп, материалдар сотко өткөн. Учурда иш Жогорку соттун кароосунда. Мындан улам аталган айыл өкмөт башчылыгына туруктуу жетекчини шайлоо мүмкүн болбой келет.

Базар-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Тынарбек Нуркамиловдун айтымында, жергиликтүү кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдор толук ишке ашпай жатат.

Буга чейин Эмил Тарыхчиев Базар-Коргон райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгын каттоо бөлүмүнүн башчысы болуп турганда иш бөлмөсүндө кызматкерине ок чыгарганы маалымдалган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ал кызматынан алынган.

3

Кол алдындагы кызматкерине ок чыгарды деп айыпталган Э.Тарыхчиевди райондук сот актаган болчу.

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 4-мартындагы токтому менен КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүгү менен айып тагылган Э.Тарыхчиевди кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу менен жазык иши өндүрүштөн кыскартылган.

«Базар-Коргон райондук сотунун быйылкы жылдын 4-мартындагы өкүмү менен Э.Тарыхчиев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (кызматтык ыйгарым укуктарын аша чабуу) менен күнөөлүү деп табылып, анын жосунунда бул кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Соттун мындай өкүмүнө нааразы болгон тараптын даттануулары келтирилгендиктен Э.Тарыхчиевге карата кылмыш иш апелляциялык тартипте облустук соттун коллегиясында каралууда», - деп айтылган маалыматта.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында 15-августта эл менен жолугушканда ок тийген кызматкер Т.Исаев өзүнүн арыз-муңун айтып, окуяны кайра териштирүүнү өтүнгөн болчу. Өз кезегинде өлкө башчы тийиштүү органдарга бул маселе боюнча иш алып барууну тапшырган.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 2018-жылдын 12-сентябрында өткөн маалымат жыйында билдиргендей, бул окуя боюнча материалдар Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан каралып, юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилген.

Буга чейин Эмил Тарыхчиев окуя тууралуу өзүнүн пикирин билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×