Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 27.09.2018 08:33

Сузактагы карылар үйүндө 13 жылдан бери жашаган эки тургунга белек берилди (фото)

Turmush -  Сузак районундагы карылар үйүндө 13 жылдан бери күн кечирип келишкен эки тургундан Базар-Коргон районунун бийлиги кабар алды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан кабарлашты.

Маалым болгондой, ушул жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин карыларга кам көрүү багытындагы «Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук» жана «Карысы бардын, ырысы бар» аттуу кайрымдуулук акциялары өтүүдө.

Бул айлык алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү карылар үйүнө жайгаштырылган жарандардын абалын сурап, белектерин берип келишти.

Бир айлыктын алкагында райондо карыларга көңүл бөлүнүп, акысыз медициналык текшерүүлөр жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×