Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 28.09.2018 17:07

Вице-премьер А.Өмүрбекова Базар-Коргон аймактык ооруканасында болду (фото)

Turmush -  Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 27-сентябрда иш сапары менен Базар-Коргон аймактык ооруканасында болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ооруканада өткөн жыйынга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков жана Базар-Коргон районунун акими А.Бегимкулов, Базар-Коргон аймактык ооруканасынын жетекчиси Б.Субанкулов, райондордун акимдери, алардын орун басарлары жана вице-мэрлер катышты. Жыйында райондордогу социалдык маселелер талкууланды.

Вице-премьер жыйында район-шаарлардагы билим берүү системасын жакшыртуу боюнча тапшырма берди. Ошондой эле кароосуз калган балдардын маалымат базасын түзүү менен социалдык иликтөө иштерин жүргүзүү жана камкордук көрсөтүүнү улантууну айтты.

Ошондой эле айылдагы медицина мекемелеринде калкка сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүү жагын көзөмөлдөөнү тапшырды. Мындан тышкары, вице-премьер оорукананын ар бир бөлүмү менен таанышып чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×