Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 02.10.2018 22:04

Базар-Коргондо кылым карыткан 7 карыга сыйлыктар тапшырылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 2-октябрда Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов райондун аймагындагы 100 жаштан ашкан карялардан кабар алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Район башчысы аларды Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Акимдин айтымында, 28 жылдан бери Кыргызстанда дагы бул күн кызуу белгиленип, жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү улгайган адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, жылуу сөздөрүн арнап, ден соолук тилеп келишет.

Бүгүнкү күндө райондун аймагында 12 миӊге жакын карыя жашап, алар райондогу жашоочулардын 7 пайызын түзөт. Ал эми Социалдык фонддо 14,5 миӊге жакын пенсионер каттоодо турса, пенсиянын орточо өлчөмү 5000 сомдон ашат. Ал эми райондун аймагында 100 жаштан ашкан 7 карыя бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×