Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 03.10.2018 09:17 На русском

Лейтенант Өмүрбек Ашырбеков «Аскер мелдештери 2018» эл аралык мелдешинен байгелүү кайтты

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Совет айылынын 23 жаштагы тургуну Өмүрбек Ашырбеков «Аскер мелдештери 2018» эл аралык мелдешинде кол менен урушуу боюнча 2-орунду багындырды. Эл аралык мелдеш Өзбекстанда өткөрүлгөнүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө караштуу Ош шаарында жайгашкан 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын өкүлү Элиза Арапбаева кабарчыга билдирди.

Ө.Ашырбеков бул жеңишинин арты менен спорт чебери аталып, медаль жана кур менен сыйланган.

«Мекен үчүн аскер кызматкери болуу жана туубузду бийик көтөрүү ар бир жигиттин атуулдук парзы. Мен эки багытта тең эмгектенүүгө дайым даярмын», - деди ал.

Өмүрбек Ашырбеков Куралдуу күчтөргө караштуу Ош шаарында жайгашкан 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын лейтенанты. Ал Россия Федерациясынын Дене тарбия жана аскер институтунан билим алып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×