Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 04.10.2018 16:11

Кызматкерине ок аткан Э.Тарыхчиевдин иши президенттин тапшырмасынан кийин кайра каралып жатат

Turmush -  Базар-Коргон районунда кол алдындагы кызматкерине ок чыгарды деп айыпталып, кийин райондук сот тарабынан акталган райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн мурунку башчысы Эмилбек Тарыхчиевдин иши кайра каралып жатат.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, президент Сооронбай Жээнбековдун Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү калк менен жолугушуусунда (2018-жылдын 15-августу) Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун жашоочусу Таалайбек Исаев кызматтык иш бөлмөсүндө токмоктоп жана аны жаракат келтирүүчү тапанча менен бир нече жолу аткан райондук мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эмилбек Тарыхчиевге карата козголгон кылмыш ишин көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен кайрылган.

Ушул жылдын 12-сентябрында маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бардык материалдар изилденип, юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилгенин билдирген.

Башкы прокуратурадан алынган маалыматка ылайык, азыркы кезде жабырлануучу Таалайбек Исаевдин соттун чечимдерин жокко чыгаруу жана жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш өндүрүштү кайра жандандыруу тууралуу арызы Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан каралып жатат.

Жалал-Абад облустук сотунун өкүмү боюнча Эмилбек Тарыхчиев КРнын Жазык кодексинин 105-беренесинде каралган кылмышты (атайылап денеге оордон төмөн зыян келтирүү) жасаганы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган. Бирок мурда жарыяланган мунапыска байланыштуу Эмилбек Тарыхчиев жаза өтөөдөн бошотулган.

Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын ушул жылдын 20-сентябрындагы буйругу менен Эмилбек Тарыхчиев аталган айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматынан бошотулган болчу.

Буга чейин Эмил Тарыхчиев Базар-Коргон райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн башчысы болуп турганда иш бөлмөсүндө кызматкерине ок чыгарганы маалымдалган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ал кызматынан алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×