Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.10.2018 12:50

Базар-Коргондо райондун 100 жылдык мааракесине карата даярдык башталды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун 100 жылдык мааракеси райондун жаӊы курулган борбордук аянтында өтөт. Бул тууралуу акимиаттын социалдык секторунун башчысы Сагындык Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, 2-ноябрда белгилене турган мааракеге карата көрнөк-жарнактар даярдалып жатат.

«Базар-Коргон районунун 100 жылдыгын майрамдоо боюнча даярдык көрүү жана өткөрүүгө багытталган приоритеттүү долбоорлор маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылат.

Борбордук стадиондун курулушу бүтүү алдында турат. Райондун борборундагы А.Текебаев, Б.Осмонов, К.Култаев, Т.Сайдуллаев, М.Сулайманов жана Т.Алыкулов атындагы көчөлөрдү тартипке келтирүү, жол боюндагы социалдык маданий мекемелердин тышкы көрүнүшүн жана тротуарларды оӊдоп-түзөө иштери уюштурулуп жатат. Базар-Коргон айыл аймагы тарабынан К.Бегимкулов атындагы көчөгө асфальт төшөө, жарыктандыруу иштери жүргүзүлмөкчү. Райондогу бардык мекеме-уюмдардын имараттарын, маданий объектилерди актоо, сырдоо жана жасалгалоо иштери да жүргүзүлүүдө.

Райондун 100 жылдыгына карата китеп жана төш белгилер даярдалып жатат. Ошондой эле майрамдык салтанатта райондо өндүрүлүүчү өнөр жай, айыл чарба, кол өнөрчүлөрдүн, токой чарбалар тарабынан өндүрүлгөн продукциялардын жармаңкеси жана соода-сатык көргөзмөлөрү уюштурулмакчы. Базар-Коргондун 100 жылдыгына арналган спорттук оюндар да уюштурулуп, акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Мындан тышкары парад өткөрүлүп, «Кыргыз көчү» чагылдырылат. Учурда чакырылуучу коноктордун тизмеси такталып жатат. Майрам эстрада ырчыларынын концерти менен коштолот», - деди С.Кудайбериев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×