Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.01.2019 13:15 Жаңыланды: 24.03.2019 15:03

Айыл турмушу: Багбан Р.Өсөров жер астындагы күнөсканада лимон өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагындагы Хажирабат айылынын тургуну Расулбек Өсөров 2012-жылдан тарта күнөскана иштетип келет.

Расулбек Өсөров аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, башкалардан айырмаланып, ал күнөскананы жердин астына курган.

«Союз мезгилинде атам талаада эгилген лимондорду карачу. Кийин мен атамдын багбанчылык кесибин улантып баштадым. Лимонду бир гана мен эмес, бир туугандарым дагы өстүрүшөт. Ал эми күнөскананын чатырын жыл сайын алмаштырабыз. Биздин күнөсканада эч кандай жылытуучу мештер жок. Анткени ал жердин астына салынган, үстү пленка менен жабылган», - деди Р.Өсөров.

Анын айтымында, күнөскана 1,5 сотых жерди ээлейт, анын узуну 43 метрди түзөт.

«Көчөттөрдү коңшу Өзбекстандан алып келем. Бул цитрус мөмөсүнүн өсүмдүгү ысыкты жактыра бербейт, салкынды жана нымдуулукту жакшы көрөт экен. Өсүмдүк бадал сыяктуу жапыз өсүп, оору-сыркоодон алыс болот. Учурда ар бир түп 10 килограммдан көп түшүм берүүдө. Жылына жарым тоннага жакын лимон алып, 1 килограммын 80 сомдон сатып жатам. Башка жер-жемиштерге салыштырмалуу лимон өстүрүү көп мээнетти талап кылбайт», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×