Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.02.2019 15:40

Базар-Коргондо 9-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салып, ооруканага түштү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынын 15 жаштагы тургуну Б.А. өз өмүрүнө кол салып, оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, окуя 11-февралда катталган. Окуядан кийин 9-класстын окуучусун ооруканага ата-энеси алып барган. Баланын абалы оор болуп, эки күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө жатат. Базар-Коргон аймактык ооруканасынан дагы маалыматты тастыктап, Б.А. оор абалда түшкөнүн айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×