Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 14.02.2019 12:53

Базар-Коргондо улуу жана кичүү муундун өкүлдөрү футболдук мелдеште беттешти (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Аук айылында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Руслан Абдумуталип уулу билдирди.

Анын айтымында, оюнга улуу жана кичүү муундардын өкүлдөрүнөн турган 21 команда катышты.

«Оюн тургундарды ынтымакка чакыруу жана сергек жашоо образына үндөө максатында уюштурулду. Ага 1961-жылы туулган тургундардан түзүлгөн улуу муундун командасы, 2001-жылы туулган мектеп окуучуларынан куралган командалар дагы катышты. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар, жергиликтүү бийлик тарабынан ардак грамоталар тапшырылды», - деди ал.

Мелдеш Аук жаштар уюму жана айылдын 1991-жылы туулган жаштары тарабынан уюштурулду, эми кезек 1995-жылы туулган жаштарга өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×