Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 15.03.2019 22:37

Айыл турмушу: Базар-коргондук С.Сабирова кирешелүү бизнес түптөдү (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунун тургуну Сабаха Сабирова акыркы эки жылдан бери күнөсканадан киреше табууда. Элеттик ишкер айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, күнөсканада өстүрүлгөн помидорлор бышып, аны сатыкка чыгарууда.

«Күнөскана иштетүү, түшүм алуу деле оңой эмес. Анткени күн сайын 2 сааттан ашык убакыт ушул күнөсканада өтөт. Көчөттөрдү байлап, зыянкечтерге каршы күрөшүп, чөптөрүн отоп, жылуулукту карап туруу керек. Ар бир түбү 5-8 кг чейин түшүм берет. Помидорлорду базарга сатыкка чыгардык. Учурда помидордун 1 килограммы 100 сомдон сатылууда», - дейт ал.

Анын айтымында, айылда күнөскана иштетүү менен жакшы киреше табууга мүмкүн экенине ынанган.

«Көп жылдардан бери дыйканчылык менен алектенип келгенбиз. Мээнетибиз көп акталчу эмес. Азыр чакан эле жерге күнөскана куруп, анда өстүрүлгөн жер-жемиштерди сатыкка чыгарып, киреше таап жатабыз. Күнөскананын жалпы аянты 20 чарчы метрди түзөт. Өзүбүздүн огородго эле курганбыз. Эч кандай дары-дармек колдонбостон малдын кыгын колдонобуз. Азыр помидорлор бышып жатат. Эми жаздан баштап бадыраң эгүүнү пландап жатабыз. Анкени ал 45 күндө түшүм берет», - дейт С.Сабирова.

Базар-Коргон районунда жалпы 89 күнөскана бар, анын ичинен 24 күнөскана Базар-Коргон айыл аймагында жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×