Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 21.02.2019 13:49

Жалал-Абадда 35 млн сомго кайра курулган стадиондун көрүнүшү. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун жаңы стадиону ишке берилди. Анын реконструкциясына республикалык бюджеттен акча бөлүнүп, курулуш иштери 2017-жылы башталган.

Стадиондун долбоору «ТНК-Арх» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан. Ал эми ортомчу ишкана (подрядчик) «Сантехмонтаж» ЖЧКсы болуп саналат. Курулуш иштерине жалпысынан 35 млн 157 миң 200 сом сарпталган. Анын 33 млн 365 миң 800 сому республикалык бюджеттен бөлүндү.

Стадион 3 123 орунга ылайыкталган. Анын аймагында 2 чуркоочу тилке, футбол талаасы, жуунучу жайлар жана баяндамачылар отура турган бөлмө бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×