Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 02.03.2019 13:39

Айыл турмушу: Базар-коргондук Махмуд дакан корозун «рингге» чыгарып, байгеге унаа утуп алды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну Махмуд Абдурахимов дакан породасындагы короз, тоокторду багуу менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, элет жеринде тоок багуу кирешелүү бизнес болуп саналат.

«Мындан 2 жыл мурун Өзбекстандан 5 миң сомго дакан короз менен тоок алып келгем. Анын санын көбөйтүп, учурда 50гө чейин жеткирдим. Азыр дакан жөжөлөрүнүн эң кичинекейин 300 сомдон, чоңойгондорун 2000 сомго чейин сатып жатам. Тоок багуу кирешелүү экен», - дейт ал.

Анын айтымында, ал дакан короздорун атайын уруштарга катыштырып, байгелерге ээ болуп келет.

«Өткөн жылы Өзбекстандан алып келген дакан корозумду Ош облусунун Өзгөн районунда өткөн короз уруштарына катыштырып, жыйынтыгында баш байгеге коюлган «Жигули» унаасын утуп алгам. Ушул жылдын башында эле Кочкор-Ата шаарындагы короз урушка катыштырып, байгеге 1 кой утуп келдим.

Урушка түшкөн дакан короздор атайын режим менен тамактанышат. Алар күчтүү болушу үчүн короздорго эт, жумуртка берем. Бир маал тооктун жумурткасын, 2 маал эт берем. Аларды торчонун ичинде ар бирин жалгыздан бөлүп багам. Турган жери кургак жана таза болушу керек. Күн сайын кыктары тазаланат. Аларды дайыма машыктырып турбаса, уруштарга катыша алышпайт. Ошондуктан короздорго дене көнүгүүлөрүн да жасатабыз. Машыктыруу үчүн жумасына 2-3 жолу огороддо чуркатам», - дейт Махмуд Абдурахимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×