Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 11.03.2019 09:27

Базар-Коргондо эски мечиттин ордуна жаңысы курулду (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында эски мечиттин ордуна жаңысы курулуп, расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мечиттин ачылыш аземине райондун акими Айбек Бегимкулов, райондун имамы Тынчтык Шайыков, айыл аймактын имамы, жергиликтүү тургундар катышты. Анда аким эми мечит жайгашкан көчөнүн жолу асфальтталарын айтып, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Маалым болгондой, мечиттин курулушу чет элдик кайрымдуулук фонд тарабынан каржыланып, ага жалпы 40 миң доллардын тегерегиндеги каражат сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×