Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.03.2019 20:11

Базар-Коргондун Беш-Бадам айылынын тургундары Нооруз майрамын белгилешти (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылынын тургундары Нооруз майрамын белгилешти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык иш-чара жергиликтүү жетекчилер, айылдык кеңештин депуттары тарабынан уюштурулуп, ага катышууга Базар-Коргон айыл аймагынын башка айылдарынын жашоочулары дагы келишти.

Анын алкагында, арча түтөтүлүп, айлананы жамандыктан тазалоо ритуалы жасалды. Андан соң, маданий иш-чара уюштурулуп, элге жаркын маанай тартууланды. Ошондой эле улуттук оюн-зооктор дагы өткөрүлүп, айыл аймакта мыкты эмгектенген кызматкерлерге ардак грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×