Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.03.2019 15:44 На русском

Базар-Коргондо 7 жаштагы кызды дааратканада зордуктоого аракет кылган кишини балдар кармап калышты

Turmush -  Базар-Коргон районунда 7 жаштагы кызды мектептин дааратканасынан зордуктоого аракет кылган киши кармалды. Аны жогорку класстын балдары кармап алышып, кызды куткарып калышкан. Бул тууралуу маалыматты аймактык кабарчыга №1 Макаренко орто мектебинин директору Гүлнара Эргешова да ырастады.

Анын айтымында, окуя 20-мартта мектептин дааратканасында болгон.

«Мектепке чейинки билим алып жаткан үч кыз окууга келе жатышып, жаныбызда жайгашкан мектептин ажатканасына киришкен. Экөө кирип кетип, бирөө сыртта сумкаларын кармап турган. Ошол учурда эки кыздын бирин ал киши ажатканада кармап калган экен. Эки кыз шашып, мугалимге “ал ажатканада калды” деп айтып барышкан. Биздин мугалим дароо чыгып карап, бирок таппай издеп жатканда кызды коңшу мектептин 6-7-класстагы кыздары жетелеп келе жатышыптыр. Көрсө жаныбыздагы мектепте 9-классты бүтүп, лицейге кеткен балдар мектебине келип калышкан экен. Бири ажатканага кирсе жаш кыздын ыйлаган үнүн угуп калып, дароо чуркап чыгып, досторун чакырган. Баары чогулуп кирсе эркек киши жаш кызды «бакырсаң дааратканага таштап жиберем» деп коркутуп жатыптыр. Кызды зордуктоого аракет жасаган адамды кармап турушуптур, биз милиция чакыртып, аларга тапшырдык. Ал мыйзам чегинде өз жазасын алышы керек», - деди ал.

Анын айтымында, учурда кыздын абалы жакшы. Ошол эле күнү кыз дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөн.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында кыз жабыркабагандыгы аныкталды. Окуучу кыздын үйүнө барып, кабар алып келдик, абалы жакшы. Ал боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат», - деди ал.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБден кызды зордуктоого аракет кылган шектүү эки айга камалганын билдирип, соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, учурда тийиштүү аракеттер жүрүп жатканын маалымдашты.

«Шектүү 1984-жылы туулган А.А. аттуу жаран, үй-бүлөлүү. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп маалымдалды.

Ошондой эле шектүүнүн 5 кызы бар экени айтылууда. Ал эми жергиликтүүлөр шектүү катары кармалган адамга укук коргоо органдары катуу чара көрүшү керектигин айтууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×