Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 25.03.2019 13:11

Базар-Коргондо эмгек мигранттардын жардамы менен жаңы спорт зал ишке берилди (видео)

Turmush -  Базар-Коргон районунун Аук айылында эмгек мигранттардын колдоосу менен жаңы спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айылдын 22 жаштагы тургуну Рахман Максыт уулунун айтымында, учурда бул спорт залда жаштардан тарта айыл аксакалдарына чейин спорт менен машыгууда.

«Өзүм күрөш менен машыгам. Буга чейин айылда спорт зал жок болгондуктан Совет айылына барып, ошол жердеги спорт залда машыгып жүрдүм. Ар кандай турнирлерге райондун атынан катышып келем. Жаңы ачылган спорт залда учурда жумасына үч ирет машыгуу болот. Азыр кичи топто 30га чукул бала, ал эми чоң топто 20дай адам машыгат. Учурда аларды мен машыктырып жатам. Мындан тышкары, бокс менен машыктыруу үчүн Жалал-Абаддан машыктыруучу келет», - деди Р.Максыт уулу.

Айылдын дагы бир тургуну Эсен Камалидин уулунун айтымында, спорт зал эмгек мигранттардын колдоосу менен ишке берилди.

«Азыр жаштар бош убактысында залда машыгып калышты. Бул залдын ачылышына чет жерде иштеп жүргөн мигрант агаларыбыздын, эжелерибиздин салымы чоң. Машыгуу зал оңдолуп жаткан учурда биз дагы кол кабыш кылып, колдон келген жардамыбызды бердик. Азыр анын үзүрүн көрүп жатабыз», - дейт ал.

Ал эми айылдын активдүү жаштарынан куралган «Аук» жаштар уюмунун мүчөсү Руслан Абдумуталип уулу: «кароосуз калган эки кабаттуу эски маданият үйүнүн жер төлөсүн спорт зал кылдык. Ал чет жакта иштеп жаткан мигранттардын жана айыл жаштарынын салымы менен оңдолду. Ага жалпысынан 600 миң сомдон ашык каражат сарпталды. Эми бул жерде бокс жана күрөш боюнча машыгуулар өтүп жатат», - деди.

Буга чейин өткөн жылдын жаз айларында Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүндө эмгек мигранттардын жардамы менен үстү жабык, заманбап футбол аянтчасы курулганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×