Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 28.03.2019 16:01

Базар-Коргондо малдын баасы канча болуп жатат? (сүрөт, тизме)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы мал базар Ош—Бишкек унаа жолунун жээгинде жайгашкан. Ар жекшемби сайын мал базарга айыл аймактардан жана коңшу райондордон жашоочулар келип, соода жүргүзүшөт.

10 жылдан бери мал базарда алып-сатуу менен алектенген Мекен Кудайбердиев аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, малдын баасы кээде төмөндөп, кээде жогорулап турат.

«Мындай көрүнүш алып сатуучуларга кедергесин тийгизет. Анткени кымбат сатып алган уйларды кайра арзан сатууга туура келет. Мен бир гана райондогу базарга эмес, Жалал-Абад облусунун башка аймактарындагы мал базарларга чыгып турам. Жумушум жакшы болгон күнү 6-7 миң сомго жакын пайда табам», - дейт ал.

Базарга киргизилген малды ветеринарлар атайын текшерүүдөн өткөрүп, сатуучулар ар бир башка акчасын төлөшөт. Мисалы, кой жана эчкилер үчүн 30 сомдон, ири мүйүздүү малга 80 сомдон алынат. Мындан 5-6 жыл мурун жылкы, уй, кой жандыктары бир жерге киргизилип, баш аламандыктар болсо, учурда ар бир жандык үчүн өзүнчө орун ачылып, иретке келтирилген.

Мал базардагы малдардын орточо баасы:

- Саан уй — 60 миң сомдон 70 миң сомго чейин;

- 2 жашар кунан букалар — 50 миң сомдон 60 миң сомго чейин;

- тай букалар — 35 миң сомдон 40 миң сомго чейин;

- торпоктор — 17 миң сомдон 25 миң сомго чейин;

- козулуу кой — 7-8 миң сом;

- кочкор — 8 миң сомдон 15 миң сомго чейин;

- эчки улагы менен — 6 миңго сомго чейин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×