Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 29.03.2019 18:14

Базар-Коргондогу координациялык кеңешмеде эмне маселелер талкууланды?

Turmush -  Бүгүн, 29-мартта Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясында координациялык кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйынга координациялык кеңештин мүчөлөрү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аймактын башчылары, мектептердин жана бала бакчалардын директорлору катышты. Координациялык кеңештин күн тартибинде ушул жылдын башында күчүнө кирген мыйзамдардын аткарылышы жана балдарга карата ырайымсыз мамилелерди, зордук-зомбулуктун, укук бузуулардын алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштерди талкуулоо боюнча эки маселе каралды.

Аталган маселелер боюнча айыл аймактарга, билим берүү бөлүмдөрүнө, социалдык өнүктүрүү башкармалыгына тапшырма берилип, жер-жерлерде ар тараптуу иш аракеттер жүргүзүлүүдө. Биринчи маселе боюнча айыл аймактарда, билим берүү бөлүмүнүн, социалдык өнүгүү башкармалыгынын аткарган иштери талкууга алынды.

Маалым болгондой, Акман айыл аймагында – 6 мектеп болсо алардын үчөөнө видео көзөмөл орнотулган. Бешик-Жон айыл өкмөтүндө 4 мектеп болсо, анын үчөөнө видео көзөмөл орнотулган. Могол айыл аймагында 7 мектеп болсо, 1 мектепке видеокамера орнотулган. Сейдикум айыл аймагында 8 мектеп болсо, 3 мектепке видео байкоо орнотулган. Кеңеш айыл аймагында 14 мектеп болсо, анын ичнен 4 мектепке видео байкоо орнотулган. Базар-Коргон айыл аймагында 11 мектеп болсо, 3 мектепте видео көзөмөл бар. Талдуу-Булак айыл өкмөтүндө 7 мектеп болсо, Арстанбап айыл аймагында 6 мектеп жайгашкан. Аларда видео байкоо орнотулган эмес.

Жогорудагы маалыматтардын негизинде коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча түзүлгөн координациялык кеңеш балдарга карата ырайымсыз мамилелердин, зордук-зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында ар бир мектепке видео көзөмөл орнотуу жана коомдук алдын алуу борборлорунун ишин активдештирүү жагы айыл аймак башчыларына милдеттендирилди.

Ошондой эле ийгиликтерге жетишкен райондук мекеме-ишканалардын жетекчилерине, мектеп директорлоруна райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×